Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-майы № 13
“Курбу-Таш токой” чарбасын жана корук уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Курбу-Таш айылынын жер көчкү болгон жерди калыбына келтирүүдө, көчкүнү алдын алуу үчүн “Курбу-Таш токой” чарбасын жана корук уюштуруу максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылындагы көчкү болгон жер аянтына “Курбу-Таш токой” чарбасы уюштурулсун жана көчөттөрдү отургузуу, айланасын тосуу иштери жүргүзүлсүн.
2. “Курбу-Таш токой” чарбасына отургузулган көчөттөрдү кароо үчүн корук уюштурулсун.
3. “Курбу-Таш токой” чарбасын уюштуруу жана корукка алуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын жана корукчуга жергиликтүү бюджеттен эмгек акы бөлүнсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |