Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-майы № 14
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү жобонун негизинде Жалпак-Таш айыл аймагында мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын курамын түзүү жана бекитүү жөнүндө Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиянын курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
-А.Суранбаев-айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы;
-М.Калдыбаева-айыл өкмөттүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;
Мүчөлөрү:
-К.Эралиев-Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы,
-С.Паизов- Жалпак-Таш айыл өкмөттүн башкы адиси,
-У.Бөрүбаев- Жалпак-Таш айыл өкмөттүн жетектөөчү адиси,
-А.Бекташов-айылдык кеңештин депутаты,
-Э.Султанов-айылдык кеңештин депутаты,
-Д.Исаков-Кара-Тарык айылынын айыл башчысы;
-К.Мамадеминов-Киров айылынын айыл башчысы;
-Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын (РАӨБ) өкүлү кирет,
-Т.Суранбаев-айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин орун басары, (макулдугу менен)
2. Типтүү жобонун негизинде иш алып баруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |