Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-майы № 16
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 5 айында бала бакчанын атайын каражат эсебинен ашыкча түшкөн акча каражатын бюджеттик тармакка бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндө 2020-жылдын 5 айында бала бакчанын атайын каражат эсебинен ашыкча түшкөн акча каражатын бюджеттик тармакка бөлүштүрүү жөнүндө Жалпак-Таш айлдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 5 айында бала бакчанын атайын каражат эсебинен ашыкча түшкөн 60,0 миң сом акча каражаты бала бакчанын (атайын каражат) 2218-беренесине жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |