Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-сентябры № 18
Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш коргоонун жана башка жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобого таянып жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан “Ташбермет” ЖЧКасына 2020-жылдын 9-июлунда берилген №6623 ТЕ лизенциясында көрсөтүлгөн 12,65 га жер тилкесинин ичинен 6,20 га жер тилкесин которуу (трансформациялоо) боюнча “ Таш Бермет” жоопкерчилиги чектелген коомунун өтүнүч катын карап, талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан “Ташбермет” ЖЧКна 2020-жылдын 9-июлунда берилген №6623 ТЕ лизенциясындагы айыл чарба багытындагы 6,20 га жер тилкеси, айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш коргоонун жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Аталган жер тилкесин которууга (трансформациялоого) тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |