Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-сентябры № 19
Түз-Бел айылына спорттук комплексин куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Мыйзамынын 18-беренесине таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Түз-Бел айылына спорттук комплекс куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Түз-Бел айылына спорттук комплекс куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Курулуш иштеринин тийиштүү иш-кагаздарын даярдап, жер аянтын тактап бөлүп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |