Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-октябры № 21
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 9 айында пландан ашыкча аткарылган 1330,0 мин сом акча каражатын бюджеттик тармакка бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндө 2020-жылдын 9 айында пландан ашыкча аткарылган акча каражатын бюджеттик тармакка бөлүштүрүү жөнүндө Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп,талкуулап Жалпак-Таш айлдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 9 айында киреше бөлүгүндөгү бекитилген пландан транспорт салыгынан 160,0 миң сом, киреше салыганан 320,0 миң сом, кен байлык жайгашкан жердин ижарасынан 700,0 мин сом жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүдөгү чегерүүлөрдөн 150,0 миң сом,жалпысы 1330,0 миң сом акча каражатты ашыкча аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Бекитилген пландан ашыкча аткарылган 1330,0 мин сом акча каражаты 2020-жылдын 3-4-кварталындагы бюджеттин чыгышалар тармагына №1-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
3. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалар тармагына бөлүштүрүлгөн акча каражатын максатуу пайдалануу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2..Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |