Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-ноябры № 22
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичиндеги жергиликтүү бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичиндеги киреше бөлүгүнүн сатыктан алынучуу салык бекитилген планга чыкпай жаткандыктан пландан азайтуу жана кырдаалга байланыштуу чыгаша бөлүгүндөгү пайдаланылбай, үнөмдөлгөн акча каражаттарын беренелерге жылдыруу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичиндеги киреше бөлүгүнүн сатыктан алынучуу салыктан бекитилген планга чыкпай жаткандыктан сатыктан алынуучу салыктан кемитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин 2020-жыл ичиндеги чыгаша бөлүгүндөгү орто мектеп,бала бакча жана социалдык коргоо тармактарына өзгөртүүлөр киргизилип, беренелерге жылдырылсын.
3. Киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүү, беренелерге жылдыруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырлсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Арынов |