Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-декабры № 32/2
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга аткарылышы, 2020-жылга маалымат, 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн бекитүү, 2022-2023-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31 беренесинин 2 бөлүгүнө ылайык,
Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү-13578,4 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 3340,0 миң сом, тендөөчү грант 6782,3 миң сом, атайын каражаттар- 482,9 мин сомго, республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар (средства передаваемые)-13249,7 миң сом, мурунку жылдан өткөн калдык-2206,4 миң сом жана чыгаша бөлүгү-11992,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга киреше бөлүгү
12069,1 миң сомго чыгаша бөлүгү 11689,7 миң сомго аткарылганы белгиленсин.
3. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 10808,5 миң сом, анын ичинен теңдөөчү грант 6221,4 миң сом, өздүк кирешелер 4587,1 миң сом (анын ичинен атайын каражар 588,0 миң сом) чыгаша бөлүгү 10808,5 миң сомго бекитилсин.
4. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы – 11089,4 миң сомго анын ичинен теңдөөчү грант 6402,3 миң сомго, өздүк киреше 4687,1 миң сомго (анын ичинен атайын каражар 588,0 миң сом),2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы-11204,6 миң сомго, анын ичинен:теңдөөчү грант-6437,5 миң сомго,өздүк киреше 4767,1 миң сомго (анын ичинен атайын каражат 588,0 миң сомго) бекитилсин.
6. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерде жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлорунун орун басарларына милдеттендирилсин.
7. Бюджетте каралган акча каражаттарынын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн Финансы_экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Азимжановго жана туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | С. Жээналиев |