Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-декабры № 5
“Отуз-Адыр айыл аймагында Бүткүл Дүйнɵлүк банк аркылуу каржыланып жаткан сугат суу каналдарын реаблитациялоо жумуштарын жүргүзүүдɵ тоскоол болгон тал-дарактарды кыйуу жɵнүндɵ”
«Эне-Сай-Юг» СПАсы тейлеген 1281 га сугат жер жана калктуу конуштагы 415 га жер аянттарына сугат суу жеткирүү максатында Бүткүл Дүйнɵлүк банк аркылуу каржыланып жаткан сугат суу каналдарын реаблитациялоо жумуштарын жүргүзүү үчүн каралган 27 371 453сомдук иштерге тендер ɵткɵрүлүп, реаблитация жумуштары башталып жатат. Суу каналдарынын боюндагы тоскоол болгон тал-дарактарды кыйуу максатында, Кыргыз Республикасын Өкмɵтүнɵ караштуу курчап турган чɵйрɵнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Ош аймактык башкарамалыгын 21.05.2020-жылдагы №02-2/88 сандуу корутундусунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Эне-Сай-Юг» СПАсы тейлеген реаблитация боло турган суу арыктарынын жээктериндеги жана калктуу конуштардагы тоскоол болгон тал-дарактарды кыйууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл ɵкмɵтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Ураимовго жүктɵлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеӊештин тɵрагасынын орун басары А.Адашовго жүктɵлсүн.
Төрага | Н.А. Калматов |