Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-декабры № 27-2
Айыл аймагындагы зоналдык коэффициентин жеңилдик алуучулардын салыгынын жана айыл чарба жерлеринин салык төлөмүнүн базалык өлчөмүн бекитүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Кадырбердиевдин Айыл аймагындагы зоналдык коэффициентин, жеңилдик алуучулардын жана айыл чарба жерлеринин салык төлөмүнүн базалык өлчөмүнүн салыгынын суммасын бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнө жана КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагында зоналдык коэфициент К-1-1,0; К-2 -1,2; К-З -1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл чарба багытындагы жерлердин салык төлөмүнүн базалык өлчөмү 30 пайызга көтөрүлсүн.
3. Кеңеш айыл өкмөтү боюнча 2020-жылга карата физикалык тараптардан алынуучу тамарка салыгы 927 кожолуктун 148,20 га жер аянтынан 148199 сом өлчөмүндө жеңилдик берилсин.
4. Таштанды ташып чыгаруу жыйымынын ставкасы 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М. |