Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 35 –сессиясы
2020-жылдын 3-сентябры № 1
Сеесияга чакырылган депутаттар – 10
Сессияга катышкан депутаттар – 7
Сессияга мындан сырткары айыл өкмөтүнүн апаратынын, маданият үйүнүн кызматкерлери катышты
Күн тартибинде:
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Нарын району Казан-Куйган айыл өкмөтүндө 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабырына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы Ырысбек уулу Элдар сессиянын катышуучуларына түшүндүрмө берди.
1. 2018-жыл аймакты өнүктүрүү жылына карата жаңы конуш айылына бюджеттен 200 000 сом акча каражаты каралып, 170,4 миң сомго тендерден ОсОО Санжар энерго трейд компаниясы утуп, 2018-жылдын 27-декабрында каражат которулуп берилген. Которулуп берилген каражат дебютордук карыз катарында баланска жылдын жыйынтыгында көрсөтүлбөй калган.
2. Сапар чыгымдарына каралган акча каражаттан мурунку айыл өкмөт башчысы Эсенгулов Замирбекке 1,7 миң сомго акча каражат берилип авансалык отчет берген эместиги көрсөтүлгөн.
3. Айыл чарбага жарактуу жерлерден КБФнун жерлеринен арендага берилбей бюджетке киреше түшпөгөнү жазылган.
Булар боюнча төмөндөгүдөй иштер жазалды:
1. Сапар чыгымдары боюнча 1,7 миң сомго поручение №717-01 2-сентябрь 2020-жылы банк аркылуу мамлекеттик кирешеге төгүлдү (поручениенин копиясы тиркелет)
2. 2018-жылы трансформатор сатып алууга 170,4 миң сом каражат которулуп, берилген каражатка дебитордук карыз 170,4 миң сомго көбөйтүлүп бухгалтерлик проводка берилди
Дт -31171110 (башка ички Дт карыз) – 170,4
Кт-41111100 (финансалык жыйынтык) – 170,4
3. КБФнун жерлери жылына аукцион аркылуу өткөрүлгөндүктөн суу жетпеген таштак жерлерди эч ким албагандыктан ижарага берилбей калган.
Күн тартибиндеги маселени угуп, жана талкуулап Казан – Куйган айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн кемчиликтер толук аткарылгандыгы белгиленсин.
Бул боюнча Казан – Куйган айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А.Шалтаева өз убагында проводка жүргүзүүдө айрым кемчиликтерге жол берген үчүн эскертүү берилсин жана мындан кийин финансылык кемчиликтерди болтурбоо жагы милдеттендирилсин.
КБФнун жерлерин мындан ары толук кандуу пайдалануу менен бирге айыл өкмөттүн кирешесин көбөйтүү үчүн айыл аймагында жашаган тургундарга аренда жерлерин пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерди жүргүзүүнү колго алуу бөлүм башчысы А.Узакбаевага милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышы жана мындан ары чарбалы,к финансалык мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн жалпы жоопкерчилик – айыл өкмөттүн башчысы Ырысбек уулу Элдарга жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | М. Шалтаев |