Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 34 –сессиясы
2020-жылдын 16-июлу № 2
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын кеңешмесинин № 15/05 протоколун кароо жөнүндө
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын кеңешмесинин № 15/05 протоколун кароо максатында
1. Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы Ырысбек уулу Элдар апрель айында Кара-Талаа участкасында элдин үлүш жерлерин комиссиянын негизинде тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Өлкөдө болуп жаткан жугуштуу ооруну эске албай элди массалык түрдө чогултуп жер тактап элдин ден-соолугуна коркунуч келтирилген деп көргөзүлгөн.
2. Биз айылдык Кеңештин депутаттары протокол №15/05 карап чыгып Казан-Куйган айыл элдеринен сурамжылоо жүргүзүп, бул жер тактоо элдин талабы менен аткарылгандыгы жана эл массалык түрдө чогулбай контур жана лот боюнча барып жерлерибизди тактап алышкандыгын билдиришти.
3. Казан-Куйган айылдык Кеңешинин депутаттары айыл өкмөт башчысы Ырысбек уулу Элдардын жүргүзгөн иштерин карап чыгып мындан кийин мыйзамга туура келбеген иштерди кайталанбастыгын түшүндүрүп, ЭСКЕРТҮҮ тартиптип чарасы берилсин
Төрага | М. Шалтаев |