Загрузка документа…
ТОҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоң айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын VII сессиясы
2017-жылдын 28-ноябры № 48
Жер салыгынын базалык ставкаларын көтөрүү жөнүндө
Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мамбетовдун айыл чарба жерлеринин жер салыктарын көтөрүү боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап Тоӊ айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоӊ айыл аймагындагы 1,0га кайрак айдоо жердин жер салыгы 117,6 сом (жүз он жети сом алтымыш тыйын) өлчөмүндө бекитилсин.
2. Тоӊ айыл аймагындагы 1,0га чөп чабынды жердин жер салыгы 61,2 сом (алтымыш бир сом жыйырма тыйын) өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тоӊ айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы жана Тоӊ айыл аймагынын айылдык кеӊешинин жер, айыл чарба экология маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Т. Атамбаев |