Загрузка документа…
ТОҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоң айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын VII сессиясы
2020-жылдын 14-январы № 2
Кара-Чекенде алма багынын ижара келишимин бузуу жана кайра ижарага берүү жөнүндө
Кара-Чекенде көп жылдык алма багынын ижарачысы Ж.Баякеевдин арызын угуп жана талкуулап Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Чекенде көп жылдык алма багынын ижарачысы Ж.Баякеевдин арызы жарым жартылай канаатандырылып, ижара келишими бузулсун жана калган ижара акысын толук төгүү жагы милдеттендирилсин.
2. Кара-Чекенде көп жылдык алма багынын 1 жылдык ижара акысы 200 000 (эки жүз миӊ) сом өлчөмүндө конкурстук негизде 5 жылдык мөөнөткө берилсин.
3. Кара-Чекенде көп жылдык алма багын ижарага берүү боюнча массалык маалымат каржаттарына жарыя берүү менен тиешелүү иш-аракеттерди көрүү жана Кара-Чекенде көп жылдык алма багынын жанындагы кошумча жер тилкесин кошуп, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Тоӊ айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тоӊ айыл өкмөтүнүн башчысына жана Тоӊ айылдык кеӊешинин финансы-экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Атамбаев |