Загрузка документа…
ТОҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоң айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын VIII сессиясы
2020-жылдын 15-майы № 10
Жайыт комитетинин чөп пресстөөчү тракторунун ижарачысы Н. Акматовдун арызын кароо жөнүндө
Тоӊ айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине тиешелүү чөп пресстөөчү трактордун ижарачысы Н.Акматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши токтом кылат:
1. Тоӊ айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине тиешелүү чөп пресстөөчү трактордун ижарачысы Н.Акматовдун билдирүүсүн эске алып, гиптин жиби кымбаттап кеткендигине байланыштуу 1 гиптин баасы-15 сом жана ижара акысы 120 000 (бир жүз жыйырма миӊ) сом болуп бекитилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Тоӊ айыл өкмөтүнө жана жайыт комитетине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тоӊ айыл өкмөтүнүн башчысына жана Тоӊ айылдык Кеӊешинин финансы-экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Атамбаев |