Загрузка документа…
ТОҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоң айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын VIII сессиясы
2020-жылдын 15-майы № 11
Ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
«Кекилик-Суу-Тон» ичүүчу таза суу пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси М.Барыктабасовдун таза сууга болгон тариф тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тоӊ айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кекилик-Суу-Тон» ичүүчу таза суу пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси М.Барыктабасовдын таза сууга болгон тариф тууралуу билдирүүсү эске алынсын.
2. Ичүүчу таза суунун тарифи 1куб. Сыйымдуулуктагы суунун баасы 30 сом менен бекитилсин.
3. «Кекилик-Суу-Тон» ичүүчу таза суу пайдалануучулар бирикмесинин жетекчиси М.Барыктабасовго:
-жогорудагы бекитилген тариф боюнча 1-июндан баштап 1-сентябрга чейин счетчик менен иштетүү жана үч айлык мониторинг жүргүзүү;
-суу эсептегичтерди толук коюп бүтүү;
- сууга болгон төлөмдөрдү жыйноо боюнча тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилип, иш жүргүзүлсүн.
4. Булл токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тоӊ айыл аймагынын Айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Т. Атамбаев |