Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХX сессиясы
2020-жылдын 29-октябры № 27-40/13
Каракол шаарындагы олимпиадалык резервдеги балдар жана ѳспʏрʏмдѳр мектебинин акча каражаттарын жылдыруу жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2020-жылдын 2-октябрындагы, кир: №01-7/233 катын карап жана талкуулап Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХXX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), тѳмѳнкʏ акча каражаттарына жылдырууларды жʏргʏзсʏн: 96500 (токсон алты миң беш жʏз) сом акча каражатын, 2222 (учурдагы чарбалык максаттар ʏчʏн буюмдарды жана материалдарды алуу) беренесинен, 3112 (машиналар жана жабдуулар) беренесине;
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |