Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХX сессиясы
2020-жылдын 29-октябры № 27-40/11
Каракол шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ
“Каракол шаарынын ардактуу атуулу” наамына кѳрсѳтʏлгѳн талапкердин материалын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясын корутундусун жана Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХXX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Каракол шаарынын Ардактуу атуулу” наамы, Каракол шаарынын социалдык-экономикалык ѳнʏгʏʏсʏнѳ зор салым кошкондугу ʏчʏн, Шафигулина Мархаба Шарифовнага ыйгарылсын.
2. Кабыл алынган токтомдун негизинде, аракеттеги Жобого ылайык, Каракол шаардык Кенеши жана Каракол шаарынын мэриясы, жогорудагы аталган жаранга, «Каракол шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жѳнʏндѳгʏ биргелешкен токтомун кабыл алышсын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |