Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХX сессиясы
2020-жылдын 29-октябры № 27-40/10
Каракол шаарынын Элебаев жана Токтогул атындагы кѳчѳлѳрʏ тараптагы жаңы конушка Бирназар бийдин ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ
“Бирназар бий” коомдук фондунун директору А. Шералиевдин, 2020-жылдын 04-июунундагы кир:№01-7/125 катын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясын корутундусун жана Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХXX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элебаев жана Токтогул атындагы кѳчѳлѳрʏ тараптагы жаңы конушка Бирназар бийдин ысымы ыйгарылсын (картага ылайык).
2. Демилгелʏʏ топ, бир айлык мѳѳнѳттʏн ичинде, аталган жаңы конуштун аталышы жазылган эки-ʏч такталарды даярдап, орнотууну камсыз кылсын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |