Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХX сессиясы
2020-жылдын 29-октябры № 27-40/9
Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. Р.А.Кыштобаевдин, 2020-жылдын 13-августундагы, кир.№01-7/193, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж-1И (тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттары менен чектелген жеке турак-жай курулуш зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: «жаңы имараттарды курууда уруксат берилет: кабаттардын саны бир кабаттан жогору эмес» деген пунктка, кабаттардын саны үч кабаттан кем эмес деп, Каракол шаары, Боронбай Хан көчөсү, №24 дарегиндеги, аянты 1405,0м2 жер тилкесине тиешелүү алмаштырылсын.
2. Ысык-Көл регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине көрсөтүлгөн өзгөртүүнү киргизсин;
-бул токтомдо, көрсөтүлгөн объектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюусуз аткаруусун камсыз кылсын.
3. М.Шадыбеков, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануунун эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Калмакиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |