Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХX сессиясы
2020-жылдын 29-октябры № 27-40/8
Ж-2А зонасында уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. Р.Кыштобаевдин, 2020-жылдын 27-февралындагы, кир.№01-7/73, Ж-2А зонасындагы жер тилкесин башкага которуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХXX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж-2А (пайдалануунун түрлөрүнүн чектелген тизмеги жана майда үй жаныбарларын кармоого уруксааты бар, жеке менчик турак жай зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине, төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: Каракол шаары, Жамансариев атн. көчөсү, №83 дарегинде жайгашкан, аянты 636,9 м2 жер тилкеси, Ц-2 (жергиликтүү маанидеги тейлөө борборлору жана коммерциялык активдүүлүк зонасы) зонасына которулсун.
2. Ысык-Көл регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине көрсөтүлгөн өзгөртүүнү киргизсин;
-бул токтомдо, көрсөтүлгөн объектти, максатту пайдалануу жагын, кыйшаюусуз аткаруусун камсыз кылсын.
3. Г.Т.Садыбакова, Каракол шаарында курлуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Калмакиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |