Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХX сессиясы
2020-жылдын 29-октябры № 27-40/7
Ж-1 зонасында уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. Р.Кыштобаевдин, 2020-жылдын 27-февралындагы, кир.№01-7/73 Ж-1 зонасындагы жер тилкесин башкага которуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж-1 (жеке турак жай курулуш) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Каракол шаары, Жусаев атн. көчөсү, №168 дарегинде жайгашкан, аянты 400,0 м2 жер тилкеси, Ц-1 (шаардын коомдук, ишмердүүлүк жана коммерциялык активдүүлүк зонасы) зонасына которулсун.
2. Ысык-Көл регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине көрсөтүлгөн өзгөртүүнү киргизсин;
-бул токтомдо көрсөтүлгөн объектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюусуз аткаруусун камсыз кылсын.
3. А.К.Джумабекова, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Калмакиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |