Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХX сессиясы
2020-жылдын 29-октябры № 27-40/5
Жаңы курулган бала-бакчага жана №6 орто мектепке акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2020-жылдын 13-августундагы, кир.№01-7/191 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХXX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 400 000 (төрт жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, жаңы курулган бала-бакчага көмүр сатып алуу үчүн, №4 орто мектебине дем берүүчү грантты кошумча каржылоого мурда каралган акча каражатынын эсебинен бөлүп берсин.
2. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 192 000 (жүз токсон эки миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, №6 орто мектебинин электр кабелдерин алмаштырууга, №4 орто мектебине дем берүүчү грантты кошумча каржылоого мурда каралган акча каражатынын эсебинен бөлүп берсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова), Каракол шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |