Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХX сессиясы
2020-жылдын 29-октябры № 27-40/4
«Каракол шаарынын административтик аймагына жер салыгын жана 1.2.3 тайпадагы объектилери боюнча мүлк салыгын киргизүү жана К3 зоналдык коэффициентинин өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө»
Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Кыдыровдун, 2020-жылдын 20-августундагы кир. №01-7/202, Каракол шаарынын киреше бөлүгүнө салыктардын түшүүсүн камсыз кылуу максатында, «К3 зоналдык коэффиценттин өлчөмүн өзгөртүү жөнүндөгү» катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХX сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2021-жылдын 1-январынан тартып, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 4 пунктунун 339 беренесинин негизинде, Каракол шаарынын административтик аймагына салыктын төмөнкү түрлөрү киргизилсин:
айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу үчүн, үйлөрдүн жанындагы, короолордун жанындагы жана бак, огород жер тилкелерин пайдалануу үчүн төлөнүүчү салык;
1.2.3 тайпадагы объектилери боюнча мүлк салыгы;
2. К3 зоналдык коэфициентинин өлчөмдөрү, төмөнкү тартипте бекитилсин:
- айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн өлчөм:
а) 1 зона – 1.2 (Пржевальский, Кутманалиев, Карасаев, Шапак Баатыр атындагы
көчөлөрү менен чектелген аймак);
б) 2 зона – 1.2 (Пржевальский, Кутманалиев, Карасаев, Шапак Баатыр атындагы
көчөлөрдүн сыртындагы аймак);
в) 2 зонада жайгашкан май куючу бекеттер, базарлар, кичи- базарлар үчүн -1.2;
- үйлөрдүн жанындагы, короо жанындагы жана бак, огород жер тилкелери үчүн-1.0.
3.Салыктардын эсептөө тартиби төмөнкүдөй бекитилсин:
- 1.2.3 тайпадагы объектилердин мүлк салыгы жана айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу үчүн, үйлөрдүн жанындагы, короо жанындагы жана бак, огород жер тилкелери пайдалануу үчүн салыгын эсептөө, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом, 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 2018-жылдын 27-ноябрындагы №27-24/11 “Каракол шаарынын административтик аймагына жер салыгын жана 1.2.3 тайпадагы объектилери боюнча мүлк салыгын киргизүү жана К3 зоналдык коэффициентинин өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, каржы, сода, өнөр жай, инвестиция жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаары боюнча Мамлекеттик салык башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |