Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХX сессиясы
2020-жылдын 29-октябры № 27-40/3
Каракол шаарында коронавирусту алдын алуу жана өзгөчө кырдаал учурунда, күнү-түнү ченемделбей иштегендиктери үчүн материалдык жардам жана айлык акыларына кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун 2020-жылдын 7-майындагы, кир.№01-7/107 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХХ сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаардык мэриясына, 147 150 (жүз кырк жети миӊ жүз элүү) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, жаштар иштери, дене тарбия, спорт бөлүмүнүн кызматкерлерине жана Каракол шаардык мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчыларына, Каракол шаарында коронавирусту алдын алуу жана өзгөчө кырдаал учурунда күнү-түнү ченемделбей иштегендиктери үчүн, айлык акыларына кошумча акча каражатын, эркин калдыктан мурда аз-камсыз болгон ʏй-бʏлѳлѳрдʏн балдарынын жайкы эс алууларына каралган акча каражатынын эсебинен бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |