Редакцияот 29.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХX сессиясы

 

2020-жылдын 29-октябры № 27-40/1

Каракол шаарынын мэриясынын, шаардын тургундарына гуманитардык жардам үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин трансфертин сарптоо боюнча отчету жөнүндө

Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2020-жылдын 11-майындагы, кир.№01-7/113 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХX сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол шаарынын мэриясынын, шаардын тургундарына гуманитардык жардам үчүн бөлүнгөн акча каражаттардын сарптоо боюнча отчету эске алынсын.

2. Каракол шаарынын мэриясы 2020-жылдын 1-декабрына чейин социалдык жактан аялуу болгон жарандардын базасын тʏзсʏн.

3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтом ММКларда жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. жүктөлсүн.

 

Төрага

Э. Айсаракунов