Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХIX сессиясы
2020-жылдын 7-октябры № 27-39/1
Каракол шаарынын мэрине ишеним кѳрсѳтпѳѳ жѳнʏндѳ
Каракол шаардык Кенешинин депутаттарынын, Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовго ишеним кѳрсѳтпѳѳ жѳнʏндѳгʏ сунушун талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXIX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтʏʏ ѳз алдынча башкаруу жѳнʏндѳгʏ” Мыйзамынын 31 беренесинин 3-пуктунун 2-подпунктунун негизинде, Каракол шаарынын мэри Каниметов Адыл Жангорозовичке ишеним кѳрсѳтʏлбѳсʏн.
2. Ɵлкѳдѳгʏ болуп жаткан кырдаалга жана ѳндʏрʏштʏк муктаждыка байланыштуу Каракол шаарынын мэринин милдетин аткаруу Джумаев Эрмат Джумаевичке жʏктѳлсʏн.
3. Бул токтом, Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтʏнѳ жиберилсин.
4. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына (К. Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэринин м.а. жүктөлсʏн.
Төрага | Э. Айсаракунов |