Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXХVIII сессиясы
2020-жылдын 6-июлу № 27-38/1
Каракол шаарынын мэриясына шаарда коронавирус инфекциясын алдын алуу жана инфекциянын кесепеттери менен кʏрѳшʏʏ ʏчʏн акча каражаттарды бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри, А.Ж.Каниметовдун, 2020-жылдын 3-июлундагы, чыг:№1/16-1989 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXVIII кезексиз сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекова, Каракол шаарынын мэриясына 5 976 900 (беш миллион тогуз жʏз жетимиш алты миң тогуз жʏз) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын, мурда шаардын мектепке чейинки мекемелеринин сметаларында: тамактанууга- 2 000 500 (эки миллион беш жʏз миң) сом, жылдык ремонтко- 800 000 (сегиз жʏз миң) сом, имараттардын капиталдык ремонтуна-1 000 000 (бир миллион) сом, №1 гимназия мектебинин жылытуучу от казанын алмаштырууга- 1 676 900 (бир миллион алты жʏз жетимиш алты миң тогуз жʏз) сом ѳлчѳмʏндѳ каралган каражаттардын эсебинен, шаарда коронавирус инфекциясын алдын алуу жана инфекциянын кесепеттери менен кʏрѳшʏʏ ʏчʏн, бѳлʏп берсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы убактылуу жумушчу комиссия тʏзсʏн. Убактылуу жумушчу комиссияга, шаардык Кенештин тѳрагасынын эки орун басары жана туруктуу комиссиялардын тѳрагалары кирсин.
3. Каракол шаарынын мэриясы бѳлʏнгѳн акча каражаттарды, шаардык штабдын сунуштары боюнча, Каракол шаарынын мэринин тескемеси менен тʏзʏлгѳн жумушчу комиссиясынын макулдугу менен сарптасын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жʏргʏзʏʏ, Каракол шаарынын биринчи вице-мэринин м.а Р.А..Кыштобаевге жана Каракол шаарынын вице-мэри Г.Ж.Орозовага жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |