Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Теплоключенка айылдык кеңешинин XXVII чакырылышы
2020-жылдын 2-декабры № 40
Теплоключенка айыл аймагында №3120 (“Заря” айыл чарба өндүрүш кооперативинде жайгашкан) шайлоо участкасынын чек араларын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-пуктуна жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №3120 (“Заря” айыл чарба өндүрүш кооперативинин имаратында жайгашкан) шайлоо участкасында шайлоочулардын саны 2500дөн ашык болгондугуна байланыштуу
- №3121 (Киров атындагы гимназия-мектебинде жайгашкан) шайлоо участкасынын чек арасына Ак-Суу дарыянын аркы өйүзүндөгү Кыдыр-Аке көчөсүнөн баштап ылдый карай кеткен Т.Сыдыкбеков, Подгорный көчөсү кошулсун.
- №3120 (“Заря” айыл чарба өндүрүш кооперативинин имаратында жайгашкан) шайлоо участкасынын чек арасында Ак-Суу дарыянын аркы өйүзүндөгү айылдын башынан башталган көчөлөр жана Подгорный көчөсү Кыдыр-Аке көчөсүнө чейин калтырылсын.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнун сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |