Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Теплоключенка айылдык кеңешинин XXVII чакырылышы
2020-жылдын 12-октябры № 33
Теплоключенка айыл аймагына караштуу Алтын Арашан капчыгайында жайгашкан үч тоо чокуларына аталыштарды ыйгаруу жөнүндө
Литва мамлекетинин альпинистеринин 2019-жылдын 26-июнундагы кайрылуусу айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын отурумдарында каралып, протоколдук чечимдеринин негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагына караштуу Алтын Арашан капчыгайында жайгашкан үч тоо чокуларына төмөндөгүдөй аталыштар ыйгарылсын:
- бийиктиги 4711 метр тоо чокусуна “Литвага 1000 жыл” аталышы;
- бийиктиги 4721 метр тоо чокусуна “кыргыз-литва достугу” аталышы;
- бийиктиги 4535 метр тоо чокусуна “Арык Мырза 450 жыл” аталышы.
2. Токтом айыл өкмөтүнун сайтына жайгаштырылып, мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |