Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Теплоключенка айылдык кеңешинин XXVII чакырылышы
2020-жылдын 12-октябры № 31
Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агентиги тарабынан каржыланган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоордун алкагында аз камсыз үй-бүлөлөргө, жалгыз бой кары адамдарга, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө таштандыларды чыгарууга 2021-жылдын бюджетинин эсебинен женилдик (субсидия) берүү жөнүндө
Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агентиги тарабынан каржыланган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоордун алкагында айылдык кенештин социалдык маселелер (маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, спорт, жаштар жана гендердик саясат) боюнча туруктуу комиссиянын 2020-жылдын 23-сентябрындагы протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл өкмөтүнүн каттоосунда турган аз камсыз үй-бүлөлөргө, жалгыз бой кары адамдарга, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө таштандыларды чыгарууга 2021-жылдын бюджетинин эсебинен женилдик берүү үчүн “Ак-Суу Тазалык – Техсервис МТС” муниципалдык ишканасына жылына 144.0 миң сом которулуп берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнун сайтына жайгаштырылып, мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Д.Абдыкеримовага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевга жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Темиров |