Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги отуз биринчи сессиясы
2020-жылдын 5-февралы № 4
Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун микроавтобус кызматын кѳрсѳтүү боюнча тарифин кѳтѳрүү жөнүндө
Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун 28-январь 2020-жылдын №04 сунуштоосунун негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн балансында турган микроавтобустун унаа тетиктери кымбаттап кеткендигине байланыштуу кызмат кѳрсѳтүү тарифи ТЖКЧжЖТК тутумунун калькуляциясына ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу» боюнча туруктуу комиссиясына жана «Бюджет, каржы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |