Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги отуз биринчи сессиясы
2020-жылдын 5-февралы № 8
Суу эсептегичтер жана крандар жөнүндө
«ДОВ» ИСКАКБнын жетекчиси Бекбашев Кайрат Джекшеновичтин сунушун карап талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен суу эсептегичтери жана крандары алынып берилсин.
2. Суу эсептегич Кара-Ой айылынын Совет кѳчѳсүнѳ «ДОВ» ИСКАКБ тарабынан орнотулуп жана тиешелүү обоненттерден акча каражатын жыйналып алынсын. Түшкѳн акча каражаттары «ДОВ» ИСКАКБнын тиешелүү эсеп счетуна которулуп, аталган бирикмесинин ѳз муктаждыктарына жалпы жыйынынын чечиминин негизинде сарпталсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |