Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз отуз экинчи сессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 1
ЖЧК «БИОР ПЛЮС» ишканасына жер тилкесин ижарага берүү жѳнүндѳ
ЖЧК «БИОР ПЛЮС» ишканасын 03.12.2019-жылдагы №186 катынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагынын күн батыш тарабындагы ѳрѳѳнүндѳгү 9га жер тилкеси, ЖЧК «БИОР ПЛЮС» ишканасына карьер катары инерттик материалдарды иштетип чыгуу үчүн, жер казынасын пайдалануу боюнча №2239 ТЕ лицензиясынын мѳѳнѳтү бүткѳнгѳ чейин ижарага берилсин.
2. Ай сайын 20000 (жыйырма мин) сом эсебинде ижара акысы алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимин түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |