Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектсиз отуз экинчи сессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 2
Кара-Ой айыл аймагындагы кызыл топурак жѳнүндѳ
ЖЧК “Акун Иссык-Куль” эс алуу жайынын 16-декабрь 2019-жылдагы №042 катын, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Акун Иссык-Куль” эс алуу жайынын ичине эл аралык теннисттик турак-жай салууга жардам катары айыл аймагындагы мазар тараптагы кызыл топурактан 8 (сегиз) унаа топурак алууга уруксаат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын контролдоо жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |