Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз отуз экинчи сессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 3
Кара-Ой айыл аймагындагы парко пляждык зоналары жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл аймагындагы парко пляждык зоналары тууралуу Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы айылдык кѳл жээгинин 0,437га парко пляждык зоналары, Айыл ѳкмѳтүнүн «Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо» тутумуна беш жылга ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Айыл аймагындагы Эллинг, Алтын-Жай жана Илим эс алуу жайларынын парко пляждык зоналарынын ижара мѳѳнѳтү токтотулсун жана түзүлгѳн келишим жокко чыгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын контролдоо жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |