Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз отуз экинчи сессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 13
Кара-Ой айыл аймагына жатакана куруу жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетине түшкѳн кошумча акча каражатын, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагында жайгашкан (МТФ району) Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигинде турган санитардык ѳткѳрмѳнү (санитарный пропускник) конкурс аркылуу сатууда жергиликтүү бюджетке келип түшкѳн жалпы сумма 1800000 (бир миллион сегиз жүз миӊ) сом акча каражаты, айыл аймагындагы мугалим, дарыгерлер ж.б. жатакана курууга жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» жана «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |