Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз отуз экинчи сессиясы
2020-жылдын 12-февралы № 14
Жер салыгы жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетин кѳтѳрүү максатында эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кенешинин XXVII– чакырылышынын кезексиз отуз экинчи сессиясынын, 12.02.2020-жылдагы № 02 протокулунун жыйынтыгы менен Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн айыл чарба багытында эмес жер салыгы 2020-жылга карата 15321300 (он беш миллион үч жүз жыйырма бир миӊ үч жүз) сом акча каражатында бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» жана «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» туруктуу комиссиясына боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |