Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз отуз үчүнчү сессиясы
2020-жылдын 22-марты № 1
Кара-Ой айыл аймагына ѳзгѳчѳ кырдаал режимин киргизүү жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл аймагында калк арасында массалык ооруга жол бербѳѳ боюнча ыкчам чараларды кѳрүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы №93-б буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы №92-р буйругунун негизинде, Кара-Ой айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тартып ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилсин.
2. Ѳзгѳчѳ кырдаал режими убагында керектелүүчү акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.
3. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн аппарат кызматкерлерине 2020-жылдын 22,28,29-марты, 4,5,7,11,12-апрели иш күндѳрү деп жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |