Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз отуз үчүнчү сессиясы
2020-жылдын 22-марты № 2
Кара-Ой айыл аймагына буудай себүү жѳнүндѳ
Ѳзгѳчѳ кырдаал режими учурунда буудайдын жана ундун кымбаттап турушуна байланыштуу, Кара-Ой айыл аймагынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 1, 22 пунктчаларынын жана Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн ТЖКЧжЖТК тутумунун директору М.А.Абдыкадыровдун 24.03.2020-жылы жазган сураныч катынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагындагы 10 га жер тилкесине буудай сатып алып айдоо үчүн, айыл ѳкмѳтүнүн резервдик фонддунан 50000 (элүү миӊ) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |