Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз отуз үчүнчү сессиясы
2020-жылдын 22-марты № 3
Кара-Ой айыл аймагындагы айдоо жерлеринин сугат суусу үчүн тариф баасын бекитүү жѳнүндѳ
Суу пайдалануучулардын ишмердиги жана айдоо жерлерин сугаруудагы сугат суунун тарифин кѳтѳрүү боюнча чогулушунун №1 протоколунун негизинде жана Кара-Ой айыл аймагындагы айдоо жерлерин сугат суусу үчүн тарифтик баасын бекитүү максатында, Кара-Ой айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагындагы айдоо жерлери жана кѳп жылдык чѳптѳрдүн жерлерине сугат сууга болгон тариф баасы тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин;
2. Айдоо аянты 1,0га -300 (үч жүз) сом.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |