Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз отуз бешинчи сессиясы
2020-жылдын 23-июну № 1
Жер тилкесин ижарага берүү жѳнүндѳ
Кара-Ой айылында жайгашкан дендропарктын башчысы Аламанов Алыбай Жансеркеевичтин жазган арызынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын эс алуу жайынын сыртында жайгашкан Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу жер тилкесинде турган трансформатордун орду 1 (бир) жылдык мѳѳнѳткѳ ижарага берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» жана «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |