Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз отуз бешинчи сессиясы
2020-жылдын 23-июну № 2
Жер тилкесин ижарага берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,18 чи беренелеринин жана «Кыргыз футболдук союзу» юридикалык жактардын бирикмесинин 17.06.2020-жылдагы № 428 катынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айылдык аймагына караштуу Кара-Ой айылынын түштүк тарабында жайгашкан жалпы аянты 17.72 га жайыт жеринин (контурлар: 1244, 1248, 1260, 1261, 1262) дене тарбия ден соолукту чыӊдоо борборун куруу үчүн, «Кыргыз футболдук союзу» юридикалык жактардын бирикмесине ижарага 49 (кырк тогуз) жылдык мѳѳнѳткѳ акысыз берүүгѳ макулдук берилсин.
2. «Кыргыз футболдук союзу» юридикалык жактардын бирикмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык куруу иштеринде жана андан кийинки обьектинин тейлѳѳ убагында жумушчулары 80% кем эмес жергиликтүү айыл тургундарынан болуусу милдеттендирилсин.
3. «Кыргыз футболдук союзу» юридикалык жактардын бирикмесинин атына аталган жер тилкеси мамлекеттик каттоодон ѳткѳн күндѳн баштап 2 (эки) жыл аралыкта куруу иштерин баштоо жагы милдеттендирилсин.
4. Аталган обьект ишке киргенден кийин, Кара-Ой айылынын спортчуларына бир аптада 3 күн машыгууга «Кыргыз футболдук союзу» юридикалык жактардын бирикмеси тарабынан уруксаат берилсин.
5. Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн талаптар Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан тиешелүү иш кагаздарын бекитүүдѳ эске алынсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |