Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз отуз бешинчи сессиясы
2020-жылдын 23-июну № 4
Авто-унаа токтотуучу жайды убактылуу иштетүү жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл аймагынын тургуну Казиев Кайраттын арызынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Алтын-Кѳл» эс-алуу жайынын кире беришиндеги авто-унаа токтотуучу жайынын тазалыгын сактоо жана иретке келтирүү максатында Казиев Кайратка 2020-жылдын жай мезгилине иштетүүгѳ ижарага берилсин.
2. Авто-унаа токтотуучу жайдын, ордун тыкан жана таза кармоо жагы Казиев Кайратка тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңешинин Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимин түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |