Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз отуз бешинчи сессиясы
2020-жылдын 23-июну № 9
Кара-Ой айыл аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2021-2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Кара-Ой айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап чыгып Кара-Ой айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 22324,2 сом (жыйырма эки млн үч жүз жыйырма тѳрт мин эки жүз) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү менен жана жана атайын счетуна 800,0 (сегиз жүз мин) сом ѳлчѳмүндѳгү долбоору жактырылысын.бекитилсин.
2. 2022-жылга карта Кара-Ой айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин кѳлѳмү, кирешелери жана чыгашалары боюнча 22684,2 сом (жыйырма эки млн алты жүз сексен тѳрт мин эки жүз) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен жана атайын счетуна 1000,0 (бир млн) сом ѳлчѳмүндѳгү долбоору жактырылысын 2023-жылга карата 22723,8 сом (жыйырма эки млн жети жүз жыйырма үч мин сегиз жүз) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен жана атайын счетуна 1000,0 (бир млн) сом ѳлчѳмүндѳгү долбоору жактырылысын.
3. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы, бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго жана ФЭБнун башчысынын убактылуу м.а. А.Жайнаковага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |