Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги отуз сегизинчи сессиясы
2020-жылдын 6-августу № 5
Жаӊы конушка ысым ыйгаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар» жѳнүндѳ мыйзамынын 7-беренесине ылайык, ошондой эле Кара-Ой айыл аймагынын тургуну Анвар Аскарбековдун арызын Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Ой айыл аймагынын түштүк батыш тарабында жайгашкан жаӊы долбоорлонуучу №12 кѳчѳсүнѳ, Муканбаев Аскарбек Муканбаевичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Кѳчѳнүн жарыктандыруусун жана тактачаларын (табличка) (номерлери менен) камсыз кылуу жагы, Аскарбеков Анвар Аскарбековичке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |