Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз отуз тогузунчу сессиясы
2020-жылдын 18-августу № 1
Мектептин кичи корпусуна кол жуучу бөлмө ачууга акча каражатын бөлүп берүү жѳнүндѳ
К.Бектенов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору Р.Т.Мамытованын 14.08.2020-жылдагы №15 сураныч катын карап талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-2021-жылдын санитардык-эпидемиялык абалга байланыштуу, К.Бектенов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын окуучуларынын өздүк гигиеналык тазалыгын сактоо максатында, башталгыч классынын имаратынын бир бөлмөсүн кол жуучу бөлмө ачууда жана ремонт иштерин жүргүзүү үчүн, тиркелген сметага ылайык, жергиликтүү бюджеттин эсебинен тиешелүү акча каржаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык Кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |