Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз кырк биринчи сессиясы
2020-жылдын 9-октябры № 3
Ч.Турдубаеванын жер участогун айыл өкмөтүнүн балансына алуу жѳнүндѳ
Ысык-Көл областынын администрациялык сотунун 2020-жылдын 11-август айындагы чечиминин жана Ысык-Көл районунун прокуратурасынын 20.09.2020-жылдагы №11-980/20 тапшырмасынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Турдубаева Чолпон Тоялиевнага 21.10.2011-жылы №83 токтому менен жеке менчике мыйзамсыз бөлүнүп берилген 0,06га жер участогу, кайрадан Кара-Ой айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу» жана «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |