Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз кырк биринчи сессиясы
2020-жылдын 9-октябры № 4
Евразия эс алуу жайынын алдындагы жер тилкесин айыл өкмөтүнүн балансына алуу жѳнүндѳ
Евразия эс алуу жайынын директору Шайлиева Токон Асановнанын 06.10.2020-жылы жазган тил катынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Евразия эс алуу жайынын түндүк тарабында жайгашкан 5,0 га өз ыктыяры менен айыл өкмөтүнө кайтарып берген жер тилкеси, Кара-Ой айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу» жана «Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |