Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талды-Суу айылдык Кенешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги сессиясы
2020-жылдын 25-марты № 103
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2019 -жылдан 01.01.2020 ж. бош калган акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин сунушуна ылайык, 22 марттан тартып өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу Талды-Суу айыл аймагына караштуу айылдарнын элинин саламаттыгы, коопсуздугу үчүн коронавирус илдетин мындан ары жайылтуунун алдын алууга жасалучу ар кандай иш-чараларга 300,0 (үч жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Талды-Суу айыл аймагына караштуу айылдарынын элинин саламаттыгы, коопсуздугу үчүн коронавирус илдети менен күрөшүү максатында айылдык оорукананы обсервацияга даярдоо үчүн 192 299 (бир жүз токсон эки мин эки жүз токсон тогуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. 9-Май Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеништин 75-жылдыгына карата согуштун ветераны Абдыкалыков Кадырбай атаны колдоо максатында 10,0 (он мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Шамбала ордосун курууга 250,0 (эки жүз элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Темиров атындагы орто мектебин “Ысык Тамак” долбооруна киргизүүгө даярдыктарды көрүүгө 120,0 (жүз жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6. Көөчү айылындагы маданият үйүнүн алдындагы эстеликтин ондоо жумуштарына 20,0 (жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
7. “Керемет” бала бакчасын реконструкциялоого 31147 (отуз бир мин жүз кырк жети) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
8. Көөчү айылындагы А.Кайдуев атындагы мектепти бала бакча кылып максатын өзгөртүүгө 40160 (кырк мин жүз алтымыш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
9. Талды-Суу айылына мектеп спортзалы менен курууга АПШга 6185 (алты мин жүз сексен беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
10. Акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Кадырбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Эгембердиев М.С. |